ЭКМ менен Дүйнөлүк банк өлкөнүн экономикалык меморандумун иштеп чыгууну улантат

2023-жылдын 8-июнунда экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви мырза жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия аймагындагы макроэкономика, соода жана инвестиция боюнча  Глобал жетекчиси Антонио Нукифора мырза менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сейитов Дүйнөлүк банкка КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле экономикалык саясатынын негизги приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берди. Учурда өлкөнүн экономикалык саясатынын негизин чарбакер субъекттерди колдоо, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана каржылоону тартуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетүүгө багытталган стратегиялык милдеттерди чечүү болуп саналат.

Өз кезегинде А.Нукифора мырза учурда Дүйнөлүк банктын командасы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрдү түзүү боюнча Өлкөнүн экономикалык меморандумунун (ӨЭМ) демилгесинин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Бул миссиянын алкагында тараптар жеке секторду өнүктүрүүнү тездетүү жана жумуш орундарын түзүү боюнча Кыргызстандын экономикасынын алдында турган милдеттерди талкуулашты, алар 2023-жылдын калган бөлүгүндө ӨЭМде кеңири талдоого алынат. Дүйнөлүк банктын командасы бул аналитикалык отчетту кыргыз кесиптештери менен бирге даярдоого кубанычта болот.