Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу отчет берди

КыргызстандагыCASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Азыркы учурда 1 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1 125 тирөөч орнотулду жана 186.8 чакырым зымдар тартылды. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан «Датка» көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.