ЕӨБ Бишкекти өнүктүрүүгө көмөктөшөт – меморандумга кол койду

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар» шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин колдонууга көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Документке Сочи шаарында өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында кол коюлду.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, меморандумга кол коюу заманбап дүйнөлүк  чакырыктарга жооп берген инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү максатында келечектүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга шарт түзөт.

Кол коюунун жүрүшүндө тараптар долбоорлорду даярдоо, долбоорго чейинки документтерди даярдоону каржылоо, анын ичинде катуу калдыктарды башкаруу секторунда МЖӨ боюнча мыкты тажрыйбаларды ишке ашырууга макулдашышты.