> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясы талкууланды
- URL: https://im.kg/all/2023/06/09/kyrghyzstanda-balyk-charbasyn-onukturuu-stratieghiiasy-talkuulandy/
- Published: 2023-06-09T09:50:05.000Z
- Updated: 2023-06-09T09:50:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 9-июнунда Балык чарба депараменти жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте уюштурулган КРнын «2024-2028-жылдарга балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясын» талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

Иш-чарада КРнын балык чарбасынын учурдагы абалы жана жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын аквакультурасын жана балык уулоосун өнүктүрүү стратегиясынын маселелери талкууланды.

Жолугушууда Айыл чарба министринин орун басары С. Насирдинов, Э. Ниязов - Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба депараментинин директору, Хайдар Ферсой - ФАОнун балык уулоо жана аквакультура (балык өстүрүүчүлүк) боюнча улук адиси, Том Шиптон – ФАОнун эл аралык консультанты катышты.