Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

2023-жылдын 9-июнунда Балык чарба депараменти жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте уюштурулган КРнын «2024-2028-жылдарга балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясын» талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Иш-чарада КРнын балык чарбасынын учурдагы абалы жана жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын аквакультурасын жана балык уулоосун  өнүктүрүү стратегиясынын маселелери талкууланды.

Жолугушууда Айыл чарба министринин орун басары С. Насирдинов, Э. Ниязов -  Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба депараментинин директору,  Хайдар Ферсой - ФАОнун  балык уулоо жана аквакультура (балык өстүрүүчүлүк) боюнча  улук адиси, Том Шиптон –  ФАОнун  эл аралык консультанты катышты.