«Манас» аэропортунда LED сыналгылар орнотулду

2023-жылдын 8-июнунда «Манас» эл аралык аэропортунда башка өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн коопсуз миграцияга жана адамдарды сатууга бөгөт коюу үчүн атайын LED сыналгылар орнотулду. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Иш чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ЭСКММ алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев, USAID, WINROCK INTERNATIONAL, «МЭА» ААК жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

«WINROCK INTERNATIONAL тарабынан каржыланган «Коопсуз миграцияга көмөктөшүү жана адамдарды сатуу тобокелдиктерин азайтуу» долбоорунун алкагында маалыматтык күркөлөр (LED сыналгылар) алынып, тиешелүү программа менен жабдылган жана эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору тарабынан орнотулган», - деп кызмат белгиледи.