Жыл башынан бери 32.9 миң жаранга пенсия дайындалды

Соцфонд 2023-жылдын январь-май айларында 32 973 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеме маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы май айында 5317жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1501 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.