> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын беш айында «Коопсуз шаардан» бюджетке 243.8 млн сом түштү
- URL: https://im.kg/all/2023/06/12/2023-zhyldyn-biesh-aiynda-koopsuz-shaardan-biudzhietkie-243-8-mln-som-tushtu/
- Published: 2023-06-12T08:10:21.000Z
- Updated: 2023-06-12T08:10:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900 млн сом өлчөмүндө финансылык каражаттар каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.**

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-май айларында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында республикалык бюджетке 243.8 млн сом түштү.

Ошондой эле, 2023-жылы каралган каражаттардын ичинен подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45.6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.