Финансы министрлиги ишкерлерди колдоо долбоорунун алкагында Ошто жолугушууларды өткөрүүдө

Финансы министрлиги ишкерлерди колдоо долбоорунун алкагында Ошто жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган «Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо» долбоорунун биринчи фазасын жыйынтыктоо алдында, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Дүйнөлүк банктан долбоордун жетекчиси Эмико Тодороки жана министрликтин насыялык линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева Ош облусунун ишкерлери менен жеринен жолугушту.

Жолугушууда ишкерлерге каржылык көмөктүн көргөзүлүшү, анын максаттуу колдонулушу жана кайтарым байланышты баалоо максатталган.

«Президент демилгелеген программанын үзүрүн ишкерлер көрүп жатабыз. Пайызсыз насыялар бизге жаны медициналык жабдыктарды алганга жардам берди», — деди жеке ишкер Сайдиракман Алканов.