Кыргызстанда 519.2 км суу каналдары оӊдолду
Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 519.2 км чарба аралык каналдардын оӊдолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ошондой эле, 495 гидротехникалык курулмалардын, 188 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 4 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 87 насостук станциялардын, 151 насостук агрегаттардын оӊдоо иштери бүттү.
Кызмат 9 насостук агрегаттын жаӊылоо, 62.7 км коллектор-дренаждык тармактын тазалоо иштери жүргүзүлдү.