«Альфа Телекомдун» акцияларынын контролдук пакети мамлекетте калат – Санариптик өнүктүрүү министри

«Альфа Телекомдун» акцияларынын контролдук пакети менчиктештирүү учурунда мамлекеттин көзөмөлүндө калат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Министрдин айтымында, компанияны баалоо жана инвентаризациялоо процесси аяктаган. «Альфа Телеком» ишканасы сатыкка коюлган.

«Бул инвестиция тартуу үчүн жасалып жатат. Бирок менчиктештирүү учурунда акциялардын контролдук пакети бийликтин көзөмөлүндө болот», - деди чиновник.