Кыргызстанда жаштарды жана мигранттарды ишке орноштуруу боюнча долбоору башталды

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен «КРдагы социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Полотова алдыдагы долбоордун мазмунуна токтолду.

«Бул долбоор биринчи кезекте «ү й-булөгө көмөк» жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган, анын ичинде жаңы рецепт жана төлөм методологиясын киргизүү аркылуу. Долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул алуучунун абалынан өзүн өзү иш менен камсыз кылуучу позицияга өтүүгө жардам берүүнү камтыйт.
Үй-бүлөлөр бизнес-план жазууга үйрөтүлүп, жаштар, анын ичинде кайтып келген эмгек мигранттары бекер кесиптик билим алып, андан соң жумушка орношууга көмөктөшөт. Жаштар окуп жүрүп жакшы стипендия ала алышы маанилүү», - деди ал.

Жыйында долбоордун компоненттерин ишке ашыруунун, республиканын социалдык камсыздоо системасын чыцдоонун деталдары талкууланды.