Мамкурулуш Ысык-Көлдө жылдарга созулган курулуштардын ишин тездетет

Мамкурулуш Ысык-Көлдө жылдарга созулуп жаткан курулуштар боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов Ысык-Көл областынын Караколунда, Түп жана Ак-Суу райондорунда курулуш иштери башталып, бирок жылдарга созулуп жаткан жагдайлар боюнча тиешелүү тармактыктын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөн жыйынга катышты.

Ошондой эле, жыйынга Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын соңунда жылдарга созулган курулуштарды иликтөө боюнча жергиликтүү бийлик аркылуу комиссия түзүп, анын себептерин аныктоо менен курулуштарды тездетүүнүн тапшырмасы берилди.