«Учкун» типографиясы менен Баткендин аэропорту стратегиялык объекттердин тизмесине кирди

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынты боюнча бир катар имараттар стратегиялык объекттердин тизмесине кирди. Кеңеш президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн.

Тизмеге төмөнкү имараттар кирди:

· «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;

· «Учкун» ачык акционердик коому;

· «Госзнак» жоопкерчилиги чектелген коому;

Башкы прокуратуранын дата-центр имараттары.