«Ысык-Көл Аврора» санаторийине Бишкектен Go Bus автобустары каттай баштайт

15-июндан тарта Go Bus автобусу «Ысык-Көл Аврора» санаторийине каттай баштайт. Каттам Бишкектен жана Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунан каттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, Go Bus маршруттук каттамдары Бишкектен күн сайын эртең мененки саат 8де Жеңиш аянтынан жөнөйт. «Аврорадан» кайра саат 18:00дө чыгат. Жол киренин баасы – 500 сом.

Тамчыдагы каттам аэропорттогу учактардын графигине байланыштуу болот. Жол киреси – 300 сом.

Фонд GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө билеттерди сатып алса болорун эскертет.