2023-жылга Айыл чарба министрлигине 6.4 млрд сомго каржылоо бекитилген

2023-жылга Айыл чарба министрлигине 6.4 млрд сомго каржылоо бекитилген. Бул тууралуу 14-июнда Айыл чарба министрлигинде өткөн маалымат жыйынында министр Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Маалым болгондой, быйылкы жылдын айыл чарбасын каржылоо долбоорунун алкагында 16 кластер бекитилген. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы 6.4 млрд сом суммасында каржылоо каралган.

Мындан тышкары, айыл чарба министри өткөн жылы жалпысынан 2 млрд 400 млн сомго долбоорлор каржыланганын билдирди.