> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө опузалоо менен алектенген коррупцияга каршы кыймылынын өкүлдөрү кармалды
- URL: https://im.kg/all/2023/06/14/chuido-opuzaloo-mienien-aliektienghien-korruptsiiagha-karshy-kyimylynyn-okuldoru-karmaldy/
- Published: 2023-06-14T07:40:51.000Z
- Updated: 2023-06-14T07:40:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармады.**

Маалыматка ылайык, бул адамдар текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуу менен системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. К.А.С. жана С.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган ишканалардын биринин өкүлдөрүнөн 700 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банктык которуу жолу менен алышкан.