Чүйдө опузалоо менен алектенген коррупцияга каршы кыймылынын өкүлдөрү кармалды
УКМК «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармады.
Маалыматка ылайык, бул адамдар текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуу менен системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. К.А.С. жана С.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган ишканалардын биринин өкүлдөрүнөн 700 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.
Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банктык которуу жолу менен алышкан.