Кыргызстан апрелде биринчи жолу Россиядан электр энергиясын импорттогон – баасы белгисиз

Кыргызстан апрель айында биринчи жолу Россиядан электр энергиясын импорттогон. Бир айдын ичинде РФнан Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен 67.8 млн кВт/саат электр энергиясы алынган. Тиешелүү маалыматты Кыргыз энергетикалык эсеп борбору билдирди.

Белгиленгендей, Кыргызстан 2023-жылдын апрель айында 427.6 миллион кВт/саат импорттогон. Ал үч өлкөдөн келген:

· Түркмөнстандан - 269 млн кВт саат;

· Казакстандан — 90.8 млн кВт саат;

· Россиядан — 67.8 млн кВт саат.

Эске салсак, 2022-жылы Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 2.8 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттогон.

КЭЭБ берилген электр энергиясынын баасын ачыктабай койду. КР Энергетика министрлиги Economist.kg сайтынына Россиядан электр энергиясын импорттоонун баасы тууралуу сурагына жооп берген жок. Жеткирүүчү, орусиялык «Интер РАО» компаниясы да келишимдин маалыматтарынын купуялуулугуна таянып, сатуу баасын жашыруун бойдон калтырды.