Кыргызстан менен Россиянын антимонополиялык кызматтары меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Россиянын Монополияга каршы кызматтарынын ортосунда атаандаштык саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын антимонополиялык кызматы маалымдады.

Такталгандай, меморандумду ишке ашыруу боюнча планды кабыл алуу жана атаандаштык саясатын ишке ашыруу жаатында эки ведомствонун эксперттеринин билимин жогорулатууга көмөктөшүүчү биргелешкен иш-чаралардын негизинде ведомстволор аралык кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Эске салсак, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Санкт-Петербургда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабдын отурумуна катышты.

Тайлаков МСАПтын отурумунда Кыргыз станда монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнак жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндө болуп өткөн эң көрүнүктүү окуялар, ошондой эле «Баа түзүү жөнүндө» КРнын мыйзамынын максаты, жөнгө салуу предмети жана чөйрөсү жөнүндө маалымат берди.