Кытай менен Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюшту

Кытай менен Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу 14-июнда Айыл чарба министрлигинде өткөн маалымат жыйынында министр Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Кыргызстандын президенти менен Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү.

Ошондой эле, министрдин Монголияга да иш сапары болуп, анын жүрүшүндө монгол фермерлери арашан кой породасына жана асыл тукум бодо малга кызыгышкан. Тараптар ошондой эле тери-терилерди кайра иштетүү жана калдыктардан жер семирткичтерди өндүрүү маселелерин талкуулашты.