Кытай темир жолдун курулушун күтпөй эле КР аркылуу Өзбекстанга биринчи жүк поездин жөнөттү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорт коридору менен алгачкы жүк поезддери жолго чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи поезд Кытайдын Ланчжоу станциясынан 9-июнда жөнөп кеткен. Ал Ташкентке 15 күндө жетет. Поезд эл керектеечу товарларды ташып жатат.

« Zhejiang Union of Railway Logistics компаниясы «Өзбекстан Темир-Юллари» жана «Кыргыз темир жолу» менен биргеликте Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган блоктук поездди жөнөттү», - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кыргызстандын аймагында жүк поездден автотранспортко жүктөлөт, анткени КРнын аймагына пландаштырылган темир жол транспорт коридорунун бир бөлүгү курула элек.