«Учкун» басмаканасы мамлекеттик банктардан 6.5 млн еврого насыя алып жабдыктарды жаңылайт

«Учкун» басмаканасынын акционерлери кезексиз жыйында жалпы суммасы 6.5 млн еврого жабдууларды лизингге берүү келишимин түзүүнү чечишти. Каражат Кыргызстандын мамлекеттик банктарынан алынышы керек. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Каражаттар мамлекеттик банктардан беш жылга чейинки мөөнөткө тартылат.

Акча атайын жабдууларга жана керектелуучу материалдарды, ишкананын имараттарын капиталдык ремонттоого жумшалат.