Жаратылышты өнүктүрүү фондундун жетекчиси кармалды

«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жетекчиси Жениш Калимбетов кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Такталгандай, ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т. экени такталды.

«2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң доллары (Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 млн 800 миң сомго жакын.

«Калимбетов 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 млн сомдон ашык каражат чегерген, бирок иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган.
Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес», - деп УКМК белгиледи.

Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.