2023-жылдын 5 айында Жалал-Абад облусуна 401.4 млн сом бөлүндү

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын  ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401.4 млн сом акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Бөлүнгөн каражатка төмөнкүлөр кирет:

Бюджеттер  аралык  трансферттер:

· теңдөөчү трансферт – 229.4 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 21.9 млн сом;

· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 12.6 млн сом;

· Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча минкабдые тескемесин аткарууга – 117.5 млн сом;

· Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга) – 20 млн сом каржыланды.