2023-жылы Бишкекте 23 социалдык объект ишке берилет

2023-жылдын аягына чейин Бишкекте 23 социалдык объектинин курулушу, оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктайт. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирлан Молдобасаров ЖМК менен маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын аягына чейин Бишкекте 23 социалдык объектинин курулушу, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктайт. Алардын ичинде 14 бала бакча, төрт мектеп, төрт ФАП жана бир мончо бар.

«Чоӊ-Арыктагы Самойленко көчөсүндөгү №26 бала бакчага кошумча 140 орундуу имарат курулуп башталды. Арча-Бешик конушундагы былтыр салынып баштаган 180 орундуу, Ак-Ордодо 280, Келечекте 100 жана Дордойдо 140 орундуу бала бакчанын куруу иштери жыйынтыкталып жатат. Ал эми Калыс-Ордодо, Көк-Жар (280 орун), Мурас-Ордо (320 орун), Ак-Босого (140 орун), Учкунда (140) бала бакча куруу иштери башталды», - деди кызматкер.

Калаанын түштүк тарабында салынчу үч мектептин инженердик тутумун мэрия орнотуп жатса, ал эми куруу иштерин Россия жүргүзөт.