Баткен облусуна электроэнергиянын 50% компенсациясына 27.8 млн сом бөлүндү

Баткен облусуна 2023-жылдын 5 айынын  ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 217.5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты берилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Ал каражаттын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 136.8 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 13 млн сом;

· электроэнергия болгон 50% компенсациясына – 27.8 млн сом;

· башкы план – 39.9 млн сом.