Баткенде 44 социалдык обьекттин курулушу жүрүүдө

2023-жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусу боюнча жалпы 44 социалдык объекттин курулушу каралган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуштун ичинен 21 объект капиталдык курулуш болсо, 17 объект капиталдык оңдоп түзөө, 6 объект таза суу түтүгүн тартуу. Аталган 44 объектиге 266 млн 843миң сом каралган.

Тармактар менен алганда:

· 29 мектеп;

· 3 саламаттыкты сактоо мекемеси;

· 2 маданият мекемеси;

· 4 турак үй

· 6 таза суу менен камсыздоо объектилери курулат.

Үстүбүздөгү жылдын 5 ай аралыгында 241 млн 838 миң сомдук жумуштар аткарылды.

2023-жылдын акырына чейин 14 социалдык объектилердин курулушун аяктоо, тапшыруу пландалууда.