> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек арадагы Капчыгай жана Достук айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет
- URL: https://im.kg/all/2023/06/15/chiek-aradaghy-kapchyghai-zhana-dostuk-aiylynyn-ar-bir-uiuno-taza-suu-kiriet/
- Published: 2023-06-15T05:49:43.000Z
- Updated: 2023-06-15T05:49:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен районунун Капчыгай айылындагы ичүүчү таза суу долбоору ишке ашууда. Курулуш үчүн 17 млн 179миң сом каралган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда курулуштун 70% аткарылды. 5 чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылды.

Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот.

Ушундай эле таза суу курулушу 21 млн 444миң сомго Достук айылында курулууда. Аталган айылда жумуш 80% аяктады. Натыйжада 59 үйгө таза суу кирет.

Таза суу курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулушту июль айынын аягына бүткөрүү, пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул иш аракеттер 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан соң Капчыгай жана Достук айылдарын жаңыдан куруу боюнча башкы планга ылайык ишке ашууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353766186_802553574571433_6931991062051151036_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/354437427_802553304571460_8854975703213949778_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353773386_802553164571474_7194468560700314086_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/354247099_802553097904814_1571810179233100571_n-1.jpg)