Энергетика министри жогорку чыңалуудагы көмөкчордондорду реконструкциялоо иштерин текшерди
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЭТИнин «Ала-Арча» жана Чүй ЭТИнин «Кудайберген» көмөкчордондорунун реконструкциядлоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр алгач «Ала-Арча» көмөкчордонуна барып, жаңыланып жаткан автотарнсфрматорлор тууралуу жеринде маалымат алды.
2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам быйыл, пландалган ремонттук иштердин негизинде көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр тармактар ишканасы АТ-2 автотрансформаторун 220-110-10 кВ «Ала-Арча» жогорку вольттуу көмөкчордонуна алмаштырууда.
Ошентип, кубаттуулугу 200 МВА болгон автотрансформатор кубаттуулугу 250 МВА болгон жаңысына алмаштырылды. Ушундай эле иштер АТ-1 автотрансформатору менен жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, автотрансформаторлорду алмаштыргандан кийин подстанциянын жалпы кубаттуулугу 500 МВА түзөт.
Мындан тышкары министр Таалайбек Ибраев оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Чүй ЭТИге караштуу «Кудайберген» көмөкчордону боюнча жеринде маалымат алды.
Бул подстанция Сокулук районунун аймагында жайгашкан. Аталган подстанцияда 2023-жылга карата оңдоо иштеринин графигине ылайык бардык электр жабдуулары пландуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.