Жыл башынан бери санариптештирүүгө 146.8 млн сом бөлүндү

2023-жылы КРсын санариптик трансформациялоонун алкагында 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, 500 млн сомдон 146.8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү.

Маалымат катары, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349.3 млн сомду түзгөн.

2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен жалпысынан 496.1 млн сом бөлүштүрүлдү. Бөлүнбөгөн каражаттардын калдыгы 3.9 млн сомду түзөт. Ошону менен катар, каржылоо тартылган мамлекеттик органдардан арыздардын келип түшүүсүнө жараша жүргүзүлөөрүн билдиребиз.