Баткенде жабыркаган турак жайлардын 99%зы курулуп бүттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1.3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Бүткөрүлгөн үйлөр менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.