Энергетика министри Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине иш сапары менен барып келе жаткан куз-кыш мезгилине  даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Жыйналыш «Электр станциялар» ААК жана Бишкек ЖЭБдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү. Иш сапардын алкагында Ибраев көмүр кампаларын көрүп, ТЭЦтин иши жана жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө «Электр станциялар» ААКынын жетекчиси келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыктар боюнча маалымат берип, көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Министр Бишкек ЖЭБинин жетекчилигине авариялардын көбөйүшүнө жана энергетикалык жабдууларды оңдоого пландан тышкаркы чыгарылууга жол бербөө максатында ремонттук иштерди, ошондой эле капиталдык курулуш жана жабдууларды модернизациялоо пландарын толук иштеп чыгуу боюнча жана өз убагында аткарууга тапшырма берди.