НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цех ачылды

Нарын мамлекеттик университетинде этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехи ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Аталган цехти ачууга Борбордук Азия Университети (Ага Хан фонду) 2.3 млн сом жана «Эразмус плюс» программасынын «АгроДев» долбоору 1.3 млн сомдук колдоо көрсөткөн.

Ошондой эле, НМУ өзүнүн атайын каражаттарынын эсебинен жогорку сапаттагы жабдууларды жана аппараттарды алуу үчүн 4.2 млн сом жумшаган.

Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу жогорку сапаттагы эт азыктары менен республикага таанымал деп билдирди.