Республикалык бюджеттин эсебинен Ош облусуна 485.7 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485.7 млн сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Которулган каражаттардын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 386.7 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 29.4 млн сом;

· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 12.3 млн сом;

· Башкы план – 55.3 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга).

· Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам катары) – 2 млн сом каралган.