Жапаров Кербендин «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров, 17-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан «Караван» аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысына «Караван» аэродромунун элементтеринин жасалма бетинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтиле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган.

Учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.