Кыргызстандын тышкы соодасы Швейцарияга алтын экспорттоонун эсебинен 25.5% өстү – ЕӨБ

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соодасы Швейцарияга алтынды сатуудан 25.5%га өстү. Мындай маалыматты Евразия өнүктүрүү банкы жумалык макроэкономикалык баяндамасында келтирет.

ЕӨБнын маалыматы боюнча, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кеңейиши экспорттун 18.9%га жана импорттун 26.8%га өсүшү менен шартталган. Белгиленгендей, экспорттун наркынын өсүшү негизинен Швейцарияга алтынды физикалык берүүлөрдүн өсүшү менен шартталган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 9%га өскөн. Импорттун өсүшү негизинен соода өнөктөшүнүн ички карантиндик чектөөлөрүн жеңилдетүү фонунда Кытай менен сооданын активдешүүсү менен шартталган. Бул Кыргызстандын текстиль өнөр жай ишканаларын активдештирүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.