Бишкек мэриясы көрктөндүрүүнү бузган 18 компанияга жарым млн сом айып пул салды — тизмеси

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбордун көрктөндүрүү эрежелерин бузган жергиликтүү 18 компанияга айып пул салды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алсак, 1-августтан бүгүнкү күнгө чейин компаниялар КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 521 миң сомго көрктөндүрүү эрежелерин  бузушкан. Алар:

  • "Алтын Арашан" ТЖК 110-берене боюнча 13 000 сом
  • "Вербена" ТЖК 110-берене боюнча 13 000 сом
  • "Достук короо" ТЖК 114-берене боюнча 13 000 сом
  • "ДАС. Строй Сервис" ЖЧК  114-берене боюнча 13 000 сом
  • "Кыргызтелеком" ААК филиалы 434-берене боюнча 13 000 сом
  • "Булат Металл" ЖЧК 115-берененин 3-бөлүгү боюнча  23 000 сом суммасына
  • "Аалам Строй" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом суммасына
  • "Дрим Строй" ЖЧКсы 179-берененин 2-бөлүгү боюнча 17 000 сом
  • "Имарат Билдинг" ЖЧКсы  23 000 сом
  • "Умай Групп" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом
  • "Таберик мектеби" ОУ 114-берене боюнча 13 000 сом
  • СТФ Сервис ЖЧКсы 13 000 сом суммасына
  • "Сиерра Компаниялар Тобу" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом суммасына
  • "КапиталБилдингЛТД" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом
  • "Найс хаус" ЖЧКсы 2-бөлүк боюнча 179-берене боюнча 17 000 сом
  • "Электросила" ЖЧК 2-бөлүк боюнча 179-Берене 17 000 сом
  • "Грин Спарк" ЖЧК  115-берене 23 000 сом
  • "Таасир" ЖЧКсы 110-берене боюнча 13 000 сом.