Эл аралык кредиттик рейтингинде КР В деңгээлин алды

Кредиттик рейтингдер боюнча аналитикалык агенттиги (КРАА) Кыргызстандын кредиттик рейтингин В деңгээлинде тастыктады. Бул тууралуу агенттиктин маалыматында айтылат.

КРАА эл аралык шкала боюнча Кыргызстандын рейтингдерин төмөндөгүдөй аныктады:

  • узак мөөнөттүү кредиттик рейтинг боюнча чет өлкөлүк валютада В деңгээлинде жана улуттук валютада — В
  • кыска мөөнөттүү кредиттик рейтинг чет өлкөлүк валютада В деңгээлинде жана улуттук валютада — В деңгээлинде.

Чет өлкөлүк жана улуттук валютадагы узак мөөнөттүү кредиттик рейтингдин болжолу "туруктуу" деп белгиленди. Мындай көрсөткүч рейтингдин 12-18 ай горизонтто өзгөрүүсүз калышы ыктымалдыгы жогору деп болжолдойт.


Кредиттик рейтинг — бул уюмга акчаңыз менен ишенүү канчалык коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берген көрсөткүч. Банктар, камсыздандыруу компаниялары, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана жеке кардарлар менен иштеген башка каржы институттары, адатта, ушундай рейтингге катышат.

Эреже катары, рейтингде "А" тамгасы менен белгиленсе, демек, компания кредитке жөндөмдүү болот, "В" тамгасы барлар — ишенимдүүлүгү боюнча орто, ал эми "С" тамгасына ээ болгондор — банкроттукка жакын компанияларды көрсөтөт. Эгер сиз рейтингдик белгиде "D" тамгасын көрсөңүз, бул дефолт дегенди билдирет: компания буга чейин карызын төлөөдөн баш тарткан жана иш жүзүндө финансылык оюндан чыгып кеткен.