Кант цемент заводунун бардык мүлкү ЕӨБгө күрөөгө коюлат

Кыргызстандагы эң ири цемент заводунун – "Кант цемент заводу" ААКнын (КЦЗ) бардык мүлкү Евразия өнүктүрүү банкына (ЕӨБ) ири кредит алуу үчүн күрөөгө коюлат. Мындай күрөөнү ЕӨБгө берүү чечими 8-августта өткөн КЦЗнын акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Бул жыйында акционерлер ага байланыштуу бир нече ири бүтүмдөрдү жактырышты.

Биринчи кезекте акционерлер Beijing Triumph International Engineering (Кытай) менен инженердик долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү, куруу, монтаждоо, ишке киргизүү жана клинкер өндүрүшүнүн жаңы линиясын ишке киргизүү боюнча келишим түзүүнү жактырышты.

Экинчи чечимге ылайык, жаңы өндүрүштүк линияны ишке киргизүү долбоорун каржылоо үчүн ЕӨБдөн кредиттик линияны алуу бекитилди. Бирок насыянын суммасы так ачыкталган жок.

Кредиттик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн КЦЗ төмөнкү мүлктөрүн күрөөгө берет:

  • ишкананы мүлктүк комплекс катары күрөөгө коюу (ипотека), анын ичинде бардык мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, мүлктүк укуктарды, ошондой эле келечекте КЗЦга таандык болгон ар кандай мүлктөрдү да камтыйт, бирок алар менен эле чектелбейт
  • КЗЦ тарабынан кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу (анын ичинде жер участокторун жана долбоордун алкагында курулган кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдалануу (ижара) укуктарын), ошондой эле КЗЦ тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү (мүлк комплексин) соттон тышкары өндүрүп алуу жөнүндө келишим
  • КЗЦ кыймылдуу мүлкүнүн күрөөсү (анын ичинде долбоордун алкагында сатылып алынган жабдуулар).

Тиешелүү келишимдерди түзүү милдеттенмелери Кант цемент заводунун башкы директоруна тапшырылды.