Келерки эки жылда КРга 35 миң электромобиль бажы алымы жок киргизилет

2024-2025-жылдары 35 миӊ электромобиль бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткарган Нурсултан Ашымбеков "Спутник" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарын импортоого тарифтик жеңилдиктер берилет жана ошондой эле негизги максат ири шаарлардагы автоунаадан чыккан зыяндуу заттарды азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу, инновациялык технологияларды өнүктүрүү болуп саналат.

"2022-жылдын 17-мартында "Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын жана ЕЭК кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЕЭК кеңешинин чечими кабыл алынган. Бул чечим менен өлкөгө импорттолуучу электрмобилдердин айрым түрлөрүн (8703 80 000 2 TH СЭА коду боюнча) ташып келгендер бажы алымдарын төлөөдөн бошотулган.
Алсак, 2022-жылы беш миң жана 2023-жылга 10 миң даана бирдик унаага жеңилдик берилген. Бул жеңилдиктин мөөнөтүн дагы эки жылга узартуу үчүн Экономика министрлиги ЕЭКтин кеңешине сунуш киргизип колдоо тапты. Ага ылайык, 2024-жылга 15 миң жана 2025-жылга 20 миң темир тулпарга квота берилип, электромобиль бажы алымдарын төлөөдөн бошотулмай болду", — дейт Ашымбеков.

Экономика министрлигинин өкүлү жеңилдиктер боюнча 2021-жылы өлкөгө 205, 2022-жылы 1550 электромобиль алып келингенин, учурда унааларды кубаттоочу 50дөн ашык станция бар экенин билдирди.