> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Кытай жүктөрдү автоунаа менен ташууга 60 миң квотага кол коюшту
- URL: https://im.kg/all/2023/08/14/kyrghyzstan-mienien-kytai-zhuktordu-avtounaa-mienien-tashuugha-60-min-uruksat-bieruu-makuldashyldy/
- Published: 2023-08-14T10:16:54.000Z
- Updated: 2023-08-14T10:16:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Кытай менен 2024-жылга чейин 60 миң даана өлчөмүндөгү жүктөрдү автотранспорт менен ташууга уруксат квотасын бекитүүнү макулдашты. Бул тууралуу КР Транспорт министрлиги билдирди.**

Чолпон-Ата шаарында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун транспорт департаментинин өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусунда, үстүбүздөгү жылы автоунаа менен жүк ташууга кошумча 20 миң уруксат берүү боюнча макулдашуу болду. 

> "Кол коюлган протоколдун алкагында, 2024-жылга автотранспорттук жүктөрдү ташууга уруксат берүү квотасы 60 миң даана өлчөмүндө белгиленди", - дейт мекеме.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн автотранспорттук делегацияларынын кезектеги жолугушуусунун алкагында, Кыргызстандын "Кара-Булак" логистикалык компаниясы менен Кытайдын "Кашкар Чжунчэн" эл аралык экспедициялык компаниясынын ортосунда да кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/7d9c6331-92a6-4693-8e4f-036b683b578b.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/253de2cf-080c-43f6-865a-81d15ed63f5c.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/acb13590-aa23-4cab-ae17-400c88747896.jpg)