Кыргызстан менен Кытай жүктөрдү автоунаа менен ташууга 60 миң квотага кол коюшту

Кыргызстан Кытай менен 2024-жылга чейин 60 миң даана өлчөмүндөгү жүктөрдү автотранспорт менен ташууга уруксат квотасын бекитүүнү макулдашты. Бул тууралуу КР Транспорт министрлиги билдирди.

Чолпон-Ата шаарында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун транспорт департаментинин өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусунда, үстүбүздөгү жылы автоунаа менен жүк ташууга кошумча 20 миң уруксат берүү боюнча макулдашуу болду.

"Кол коюлган протоколдун алкагында, 2024-жылга автотранспорттук жүктөрдү ташууга уруксат берүү квотасы 60 миң даана өлчөмүндө белгиленди", - дейт мекеме.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн автотранспорттук делегацияларынын кезектеги жолугушуусунун алкагында, Кыргызстандын "Кара-Булак" логистикалык компаниясы менен Кытайдын "Кашкар Чжунчэн" эл аралык экспедициялык компаниясынын ортосунда да кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.