> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# SABIT тамак-аш менен алектенген ишкерлерди Америкага окууга чакырат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/14/sabit-tamak-ash-mienien-aliektienghien-ishkierlierdi-amierikagha-okuugha-chakyrat/
- Published: 2023-08-14T05:08:28.000Z
- Updated: 2023-08-14T05:11:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**SABIT (Special American Business Internship Training) "Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү жана таңгактоо" менен алектенген ишкерлерди Америкага 2 жумалык окууга чакырат жана учурда арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.**

Берилген маалыматка ылайык, бул программа КРдагы тамак-аш бизнесинин лидерлери үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Аталган программа тамак-аш жана суусундуктарды кайра иштетүү жана таңгактоо тармагындагы адистер жана орто жана улук менеджерлер үчүн иштелип чыккан.

> Программанын мөөнөтү: **14–28-октябрь**, 2023-жыл. 

Эки жумалык тренингдин жүрүшүндө делегация Вашингтондо жана анын айланасында, Чикагодо, Иллинойс шаарында жана Process Expo 2023 көргөзмөсүнө катышат, ошондой эле башка жерлерде пайдалуу убакыт өткөрөт. 

- Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү жекшемби, 20-август, саат 23:59
- Көбүрөөк маалымат алуу үчүн [бул шилтемег](https://www.trade.gov/sabit-current-eurasia-programs)е өтүңүз.