SABIT тамак-аш менен алектенген ишкерлерди Америкага окууга чакырат

SABIT (Special American Business Internship Training) "Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү жана таңгактоо" менен алектенген ишкерлерди Америкага 2 жумалык окууга чакырат жана учурда арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Берилген маалыматка ылайык, бул программа КРдагы тамак-аш бизнесинин лидерлери үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Аталган программа тамак-аш жана суусундуктарды кайра иштетүү жана таңгактоо тармагындагы адистер жана орто жана улук менеджерлер үчүн иштелип чыккан.

Программанын мөөнөтү: 14–28-октябрь, 2023-жыл.

Эки жумалык тренингдин жүрүшүндө делегация Вашингтондо жана анын айланасында, Чикагодо, Иллинойс шаарында жана Process Expo 2023 көргөзмөсүнө катышат, ошондой эле башка жерлерде пайдалуу убакыт өткөрөт.

  • Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү жекшемби, 20-август, саат 23:59
  • Көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул шилтемеге өтүңүз.