> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-сентябрга чейин транспорт, турак жай жана үйдөгү жер тилкесине салыкты төлөш керек
- URL: https://im.kg/all/2023/08/14/transport-turak-zhai-zhana-uidoghu-zhier-tilkiesinie-salykty-toloogho-eki-zhuma-kaldy/
- Published: 2023-08-14T07:21:04.000Z
- Updated: 2023-08-14T07:21:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 жума калды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

**1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:**

- транспорт каражатына салык
- турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган)
- үй, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

[Calculator.salyk.kg](http://calculator.salyk.kg/) сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан алууга болот.