1-сентябрга чейин транспорт, турак жай жана үйдөгү жер тилкесине салыкты төлөш керек

Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 жума калды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • транспорт каражатына салык
  • турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган)
  • үй, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.