> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Доллардын баасы бираз кымбаттады — 0.17%
- URL: https://im.kg/all/2023/08/14/zhany-som-banknottordun-sapaty-kairadan-tiekshieriliet-korghoo-zhipinie-naarazychylyktar-bar/
- Published: 2023-08-14T03:52:34.000Z
- Updated: 2023-08-14T03:52:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-августка карата Кыргызстанда доллардын базардагы курсу 87.96-88.32 сом болууда (сатып алуу-сатуу).**

[Valuta.kg](https://valuta.kg/?ref=im.kg) сайты маалымдагандай, эртең менен саат 9.50гө карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын орточо курсу **87.96** **сомду (сатып алуу) жана** **88.32 сомду** **(сатуу**) түздү. Ал эми коммерциялык банктарда сатып алуу курсу 88 сомдон жогору болгону байкалат.

Ал эми 1 евронун алуу курсу – 96.50 жана сатуу – 96.90 сомдон болууда. 

Улуттук банктын 14-авгуска карата койгон доллардын расмий курсу 87.8700-88.0200 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, доллардын наркы эки күндүн ичинде 0.17%га көтөрүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/Screenshot-2023-08-14-at-09.40.08.png)