Доллардын баасы бираз кымбаттады — 0.17%

Бүгүн, 14-августка карата Кыргызстанда доллардын базардагы курсу 87.96-88.32 сом болууда (сатып алуу-сатуу).

Valuta.kg сайты маалымдагандай, эртең менен саат 9.50гө карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын орточо курсу 87.96 сомду (сатып алуу) жана 88.32 сомду (сатуу) түздү. Ал эми коммерциялык банктарда сатып алуу курсу 88 сомдон жогору болгону байкалат.

Ал эми 1 евронун алуу курсу – 96.50 жана сатуу – 96.90 сомдон болууда.

Улуттук банктын 14-авгуска карата койгон доллардын расмий курсу 87.8700-88.0200 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, доллардын наркы эки күндүн ичинде 0.17%га көтөрүлдү.