Жер титирөөнү алдын ала эскертүүчү аппарат ойлоп чыгарган Бакытбек Мойдунов патент алууга даярданууда

Жер титирөөнү алдын-ала эскертүүчү аппарат ойлоп тапткан Бакытбек Мойдунов Кыргызпатентке келип, тиешелүү адистерден, ойлоп табуусун патенттөө боюнча кеп-кеңеш алганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бакытбек Мойдунов күчү 5 баллдан ашкан жер титирөө болгондо сигнал берчү аппарат ойлоп тапкан. Бул идеясын ал сейсмолог-адистер менен кеңешип ишке ашырганын айтат.

"Анын маалыматында, жер катуу силкинерден мурда, толкун пайда болот. Ошол толкун башталаары менен, аппараттын сигналы ишке кирип, уйкудагы адамдарды ойготууга жардам берет. Келечекте, Бакытбек Мойдунов, ойлоп табуусун патенттеген соң, электр энергиясын колдонбой, күндүн энергиясы менен иштей турган аппараттарды чыгарып, сатууну пландап жатканын кошумчалады", - дейт мекеме.

Ошондой эле Кыргызпатенттин басма-сөз кызматы ойлоп табуучу менен чакан маегин өзүнүн Фейбук баракчасына жүктөдү.